Арман көзүн чалып, ак булутту жарып, Келбес сапарга аттандың. Жанбай өчтү жарык, жалында мен калып, Жазганы бул жараткандын. Ишене албай көпкө, ичим жалын өрткө, Туталанып баратканмын. Жашымды көлдөй төккөм, Жараланып чөккөм жан тумарым. Кайдасың сен, асыл эркем, Жүрөк жарып, дүйнө салып кете бердиң. Кыйналдым мен, сагынтып сен, Дарманым жок, жанымда жок жашап келем. Эки дүйнө бизди, кезиктирет бизди элес болуп түштө гана, Жашым токтоп калды, айла табар барбы Кайрып берер ушул жанды. Тагдыр жолум тайды, тушап мени алды, Таалайыма тузак салды. Таш боор экен баары, талкалап салды, Көнүп калдым. Кайдасың сен, асыл эркем, Журөк жарып, дүйнө салып кете бердиң. Кыйналдым мен, сагынтып сен, Дарманым жок, жанымда жок жашап келем.