Kishore Kumar Hits

Нурмат Садыров - Табышмак Сулуу şarkı sözleri

Sanatçı: Нурмат Садыров

albüm: Табышмак Сулуу


Табышмак сыңдуу,
Таанышсак сулуу.
Тилегим жалгыз,
Таанышсак сулуу.
Дарегиң издеп,
Сураган жанмын.
Дүйнөмдү бүтүн,
Сен уялап алдың.
Күлкүң, сүйкүм,
Өзгөчө угулат.
Күнүм, сүйүүм,
Бир сага сунулат.
Бир сага жүрөктөр чымырап,
Жүргөнүң башкача,
Жомоктой туюлат.
Сен дедим сен дедим,
Төгүлгөн нурдай,
Көркөмүң сунган.
Көздөрүң тартат,
Көл болуп турган.
Ал кыз сулуу перидей,
Аны менен бирге жүрүүдөн эринбейм.
Жүрөгүмдүн бөлүгүндө көрөм теңиндей.
Бир болобуз айрылууда жеңилбей.
Биздин сүйүү дайым ысык,
Биз экөөбүз бирге бийлеп жайы-кышы.
Белиңден кармап жан дүйнөмө жакын кызсың.
Жыпар жыттуу, жүрөгүмдүн айыгышы.
Сага махабатым белек.
Өмүрүм сага берем.
Мага сылык сөзүң менен, нурлуу көзүң керек.
Көңүлүңдүн ачкычын ал,
Алыс катып терең.
Сен үчүн дүйнөдөгү кооз гүлдөрдү терем.
Төгүлгөн нурдан,
Көркөмүн сунган.
Көздөрүң тартат,
Көл болуп турган.

Поcмотреть все песни артиста

Sanatçının diğer albümleri

Benzer Sanatçılar