Kishore Kumar Hits

Нурлан Насип - Чабалекей şarkı sözleri

Sanatçı: Нурлан Насип

albüm: Чабалекей


Жаз айы, жамгыр басылбай
Жаралуу жүрөк жазылбай
Аскадай булут баскан
Көңүлүм менин ачылбай
Жалганчы жаздын демиби?
Азгырып сени кеттиби?
Жамгырга мени таштап
Жалооруп карап койбой
Жаз гүлүм, жалгыз кеттиңби?
Эх, жаным, кичинекей
(Эх, жаным, кичинекей)
Кайдасың, байчечекей
А мен чабалекей
А мен чабалекей
Учамын сени издей

Көргөнгө сени көзүм зар
Айтайын деген сөзүм бар
Сактаган жүрөгүмдө
Арнаган сага сүйүүм бар
Кантемин сенсиз өмүрдү
Жамгырлуу, муздак көңүлдү?
Күнөөлөйм ушул жаздай
Бир көрүп сүйүп калган
Сен деген жаш жүрөгүмдү
Эх, жаным, кичинекей
(Эх, жаным, кичинекей)
Кайдасың, байчечекей?
А мен чабалекей
А мен чабалекей
Учамын сени издей

(Эх, жаным, кичинекей)
(Кайдасың, байчечекей?)
(А мен чабалекей)
(А мен чабалекей)
(Учамын сени издей)
Эх, жаным, кичинекей
(Эх, жаным, кичинекей)
Кайдасың, байчечекей
А мен чабалекей
А мен чабалекей
Учамын сени издей
А мен чабалекей
А мен чабалекей
Учамын сени издей

Поcмотреть все песни артиста

Sanatçının diğer albümleri

Benzer Sanatçılar